Коронавирус: бүгүн ооруканадан алты жаштагы бөбөк сакайып чыкты

Эске салсак, бүгүн ооруканадан 23 киши чыгарылган. Алардын тогузу Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында дарыланган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бүгүн коронавирусту жеңип, ооруканадан чыккандардын арасында алты жаштагы бала жана жандандыруу бөлүмүнө оор абалда түшкөн жаран бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Эске салсак, бүгүн ооруканадан 23 киши чыгарылган. Алардын тогузу Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында дарыланган.

Аталган оорукананын бөлүм башчысы Канат Искаковдун айтымында, сакайгандардын бардыгынын абалы канааттандырарлык.

"Оорулуулардын бири абдан оор абалда түшүп, реанимация бөлүмүндө дарыланды. Дагы бири алты жаштагы наристе. Вирус ар кайсы организмге ар кандай таасир этет. Ошондуктан бардык адамдарды дарылоо методу бирдей эмес. Бардыгы консилиумда чечилет. Эгер абалы жакшы болсо, башка дары-дармектер, витаминдер колдонулат”, — деди дарыгер.

Коронавирустун кесепети

Өлкөдө бир суткада 23 бейтап коронавирусту жеңип, ооруканадан чыкты
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 489га жетип, анын 114ү айыгып чыкты. Арасында 116 медицина кызматкери да вирус жуктуруп алган. Оорунун кесепетинен беш адам каза тапты.

Кыргызстандын төрт шаары жана төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда кечки саат 9.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат иштейт.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.