Асманда күйүп, жерге кулаган учак. Казак бийлиги себебин иликтеп баштады

МиГ-31 учагы бейшемби күнү Карагандада кулаган. Бүгүн аны подполковник наамы бар тажрыйбалуу аскер учкучтары башкарып баратканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Казакстандын Коргоо министрлигинин комиссиясы Карагандага жакын жерде кулаган МиГ-31 аскер учагы боюнча иликтөө иштерин баштады. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Эске сала кетсек, кырсык кечээ, 16-апрелде, Караганда аэродромунун түштүгүндө пландык машыгуу убагында болгон. Самолёт учкандан кийин кыймылдаткычтардын биринен өрт чыккан. Учкучтар өздөрүн коопсуздандыруу (катапульттоо) буйругун алгандан кийин самолётту талаага багыттап, калкка коркунуч туулбаган жерден секиришкен. Алар жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Биринин абалы канааттандырарлык, экинчисинин абалы орточо экендиги айтылган.

"Коргоо министрлиги дайындаган комиссия кырсыкты иликтөөгө киришти. Абадан коргонуу күчтөрүнүн башкы командачысы жана Аба күчтөрүнүн командири окуя болгон жерге учуп кетишти", — деп айтылат маалыматта.

МиГ-31 учагын подполковник наамы бар тажрыйбалуу аскер учкучтары башкарып баратканы айтылат. Алар жалпысынан 1161 жана 888 саатты абада өткөрүшкөн.

Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, кулаган учак 1991-жылы чыгарылган. МиГ-31 учагы кырсыктаган каргаша Казакстанда төртүнчү ирет катталып жатат. Буга чейинки окуялар 2007, 2008 жана 2013-жылдары болгон.