Бишкекте инспекторду сүзүп кетти делген айдоочу милицияга өзү келди

Буга чейин борбор калаанын Салиев жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу кайгуул милициясын сүзүп, из жашырып кеткени айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бишкекте санитардык-карантиндик постто турган милиция кызматкерин сүзүп кетти делген айдоочу укук коргоо органдарына өзү келди. Бул тууралуу күч түзүмдөрүндөгү булак кабарлады.

Буга чейин борбор калаанын Салиев жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу кайгуул милициясын сүзүп, из жашырып кеткени айтылган. Инспектор ооруканага жеткирилип, кылмышка шектүү изделип жаткан.

Эске салсак, Кыргызстандын төрт шаары жана төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда кечки саат 9.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат иштейт.