Доллар менен еврого кошулуп, алтын дагы кымбаттады. 17-апрелдеги баа

Sputnik Кыргызстан Бишкектин акча алмаштыруу жайларындагы валюта курсун, алтын жана күйүүчү майга болгон бааларды сунуштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Бишкекте доллар менен евронун баасы сомго карата жогорулап, алтын куймалары дагы кымбаттады. Күйүүчү май баасын өзгөрткөн жок.

АКШ акчасын сатып алуу — 80, сатуу — 80.7 сом. Еврону сатып алуу — 84.40, ал эми сатуу 90.02 сомго бааланып жатат. Рубль наркы бир сомдун тегерегинде (сатып алуу — 1.059, сатуу — 1.112 сом) кармалып турат.

Күйүүчү майдын баасы мурдагы бойдон. АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 38 сомдун тегерегинде, ал эми АИ-95 42 сомдон сатылууда.

Быйылкы жылдын алгачкы эки айында КРден канча акча чыкты. Рекорддук көрсөткүч
Алтын куймаларынын бир граммы 45 сомго кымбаттады.

Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден 100 граммга чейин. Уютма сатуу башталгандан бери 220 кг алтын соодаланган.

Мамлекеттин башкы банкы алтын уютмаларын элге сатып гана тим болбостон, аны сатып да алат. Баа Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата ар күн сайын коюлуп турат.