Россияда Жеңиш парады өтпөй турган болду

РФ лидеринин айтымында, COVID-19 жайылып жаткандыгына байланыштуу майрамдык иш-чаралардын бардыгы кийинки жылга жылдырылат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Россияда 9-май күнү Жеңиш парады өтпөй турган болду. Бул тууралуу өлкө лидери Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жолукканда айтканын РИА Новости жазды.

Президент илдеттин жайылышы майрамга карата даярдык көрүүгө жол бербей жатканын белгилеген. Ал ошондой эле бардык салтанаттуу иш-чаралар, анын ичинде Жеңиш парады менен Өлбөс полктун жүрүшү 2020-жылдан кийин өтөрүн кошумчалаган.

Акыркы маалыматтар боюнча, Россияда 28 миң адам коронавируска кабылып, 2300ү сакайып кетти. Ал эми 232 адам илдеттен көз жумду.