Россия мекенине кете албай калган мигранттардын шартын жеңилдеткени жатат

Депутат Россиянын аймагында 1,7 миллион мигрант бар экенин айтып, так ошол адамдар пандемия менен күрөшүүгө жардам берип жатканын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Россиянын аймагындагы мигранттарга патентти узартууда жеңилдик бергени жатабыз. Бул тууралуу Мамдуманын КМШ, Евразия интеграциясы жана байланыш комитетинин жетекчиси Леонид Калашников Sputnik агенттигинин кабарчысына билдирди.

Белгилей кетсек, депутатка коронавирус пандемиясына байланыштуу Россиянын аймагында калып калган мигранттардын шартын жеңилдетүү үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканы боюнча суроо узатылган.

“Азыркы эреже боюнча мигранттар патентти Россиянын аймагында туруп бир эле жолу узарта алат. Экинчисинде өлкөдөн чыгып, кайра кириши керек. Эми бул эрежени өзгөрткөнү жатабыз. Тагыраагы, мигранттар Россиянын аймагынан чыкпай туруп, керек болсо Ички иштер органдарына келбестен эле узарта алышат. Патент боюнча мындай мыйзам эртең, 17-апрелде, кабыл алынат”, - деди Калашников.

Парламентарий Россиянын аймагында 1,7 миллион мигрант бар экенин айтып, так ошол адамдар пандемия менен күрөшүүгө жардам берип жатканын белгиледи.

“Мен бул боюнча Мамдумада дагы айткам, коронавирус менен күрөшүүдө патент менен иштеген медайымдар, дарыгерлер, көчө шыпыргычтар тоодой жүктү көтөрүп жатышат. Так ошол адамдарга оор жумушу үчүн ыраазычылык билдиришибиз керек”, - деди депутат.

Белгилей кетсек, бул демилгенин кыргызстандык мигранттарга тиешеси жок. Себеби ЕАЭБ өлкөлөрүнөн барган жарандардан ишке орношуу үчүн патент талап кылынбайт.

Амнистия 

Буга чейин Россиянын аймагында эмгек мигранттары 90 күн гана жүрө алышчу (ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдүн жарандары). Эми бул эреже дагы жумшарды.

"Бир жарым же эки жума мурун биз бул мөөнөттү 180 күнгө чейин узарттык. Бул эреже Россиянын аймагында үч айдан ашык убакыт жүрүп койгондор үчүн дагы иштейт. Эреже бузгандар Ички иштер органдарына барбай коркуп жатышса керек, бирок чечим боюнча алар жазага тартылбайт”, — деди депутат.

Белгилей кетсек, акыркы маалыматтар боюнча, Россияда 28 миң адам коронавируска кабылып, 2300ү сакайып кетти. Ал эми 232 адам илдеттен көз жумду.