Ошто коронавируска чалдыккан 3 кош бойлуу аял жатат. Вирус энеден балага жугабы?

Учурда келиндердин абалы жакшы, Ош шаардык перинаталдык борбордун жанындагы жеке клиникада жатышат.
Sputnik

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызстанда үч кош бойлуу келиндин коронавирус жуктурганы аныкталды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алардын баары учурда Ош шаардык перинаталдык борбордун жанындагы жеке клиникада.

“Коронавирус аныкталган үч келиндин өзүнүн да, түйүлдүктүн да абалы жакшы, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бирөө 37 жумадан өткөндөн кийин келген, бүгүн 39 жума болуп калды. Жакын арада көз жарышы мүмкүн. Экинчисинин боюна бүткөнүнө 32 жума, үчүнчүсүнө 16 апта болгон”, — деп билдирди маалымат кызматы.

Кыргызстанда дагы 13 адам коронавирустан айыкты. Жалпы саны 91 болду
Белгилей кетсек, бүгүнкү брифингде саламаттык сактоо министрини орун басары Нурболот Үсөнбаев “Кыргызстанда коронавирус жуктурган кош бойлуу аялдар барбы?” деген суроого “андай учур катталган эмес” деп жооп берген. Министрликтин маалымат кызматы Үсөнбаев суроону “соңку бир суткада катталган учурлардын арасында барбы?” деп түшүнүп, жооп бергенин айтты.

Мындан сырткары, министрдин орун басары коронавируска кабылган энеден балага оору өтүп кетиши мүмкүн экенин билдирген.

“Энеден балага өтүп кетүү кооптуулугу бар. Ал ошол жердеги гигиеналык шартка байланыштуу болот. Эгерде гигиеналык эрежелер жакшы сакталса, оору болбостур”, — деди Үсөнбаев.

Коронавирустун кесепети

Гинекологдор кош бойлуу аялдарды бейтапканага келтирбей, онлайн кеңеш берет
Ал эми Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 466га жетип, анын 91и айыгып чыкты. Арасында 104 медицина кызматкери дагы бар. Оорунун кесепетинен беш адам каза тапкан.

Кыргызстандын төрт шаары жана төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда кечки саат 9.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат иштейт.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Ал эми карантин маалында жардамга муктаж болсоңуз, Sputnik даярдаган материалга көз жүгүртүңүз.