МАГАТЭ коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга жабдык берет

Эл аралык агенттик Кыргызстанга диагностикалык шаймандардын топтомун, керектелүүчү материалдарды, COVID-19 тез табылышы үчүн праймерлерди жана зонддорду бөлүп берген.
Sputnik

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн жалпы суммасы 64 миң еврого барабар жабдык берет. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, аталган агенттиктин жетекчиси Мирслав Аманкулов ушул жылдын март айында МАГАТЭге өлкөнүн коронавирус менен күрөшүүсүнө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Кыргызстандагы бизнес кризиске туруштук бере алабы? Ишкерлердин ачык пикири
Жакында эле МАГАТЭнин жетекчилиги бул суранычты кабыл алганы айтылды. Натыйжада эл аралык агенттик Кыргызстанга RТ-РСR (реалдуу убакыттагы полимер реакциясы) үчүн диагностикалык шаймандардын топтомун, керектелүүчү материалдарды, COVID-19 тез табылышы үчүн праймерлерди жана зонддорду бөлүп берген. Жардамдын жалпы суммасы 64 миң еврону түзөт.

Токой чарба агенттигинин маалымат кызматынын билдиришинче, медициналык жабдуулар Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин молекулярдык-генетикалык жана диагностикалык изилдөө лабораториясына өткөрүп берилет. Бишкектеги бул лаборатория коронавирусту аныктоо менен алектенет.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги радиациялык коопсуздукту камсыздоо боюнча жөнгө салуучу мамлекеттик орган болуп саналат. Ошондой эле Кыргызстан МАГАТЭ менен кызматташуунун алкагында улуттук долбоорлорду ишке ашырууда дүйнөдөгү эң мыкты мамлекеттердин бири деп табылганы айтылат.