Кыргызстандагы бизнес кризиске туруштук бере алабы? Ишкерлердин ачык пикири

Коронавирус кыргызстандык бизнести да буттан чалды. Ишкерлер анын эбин кантип таап жатканы туурасында бул макаладан окуңуздар.
Sputnik

Жакында эле бийлик пандемия шартында ишкерлерди колдоого ниеткер экендигин билдирген. Бизнес коомчулуктун өкүлдөрү менен баарлашып, алардын өз иштерин сактап калуу камылгасы кандай экенин сурап көрдүк.

Алдын алууга далалаттандык — тажрыйбалуу ишкер каатчылык менен күрөш жөнүндө

Таалайбек Сагыновдун компаниясы отуз жылга чукул мезгилден бери суу өндүрүү жана жеткирүү менен алектенет. Ишкердин айтымында, жергиликтүү бизнес өз кезегинде эмнелерге гана тушукпаган. Далайын ишкер өз жон териси менен сезген.

Кыргызстандагы бизнес кризиске туруштук бере алабы? Ишкерлердин ачык пикири
"Жоогазын революциясынын тушунда компаниябыз абдан жапа чеккен: үч жыл дегенде араң кайра калыбына келтирдим. Пандемиядан кийин быйылкы кыштагы сооданын көлөмүнө кайрадан чыгара албайбыз, кардардык базанын саны төмөндөп кетет. Экономикабыз бизнеске салык каникулун уюштуруп берерлик абалда эмес экенин түшүнүп турам. Салыкты бир жылга бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү да жергиликтүү ишкерлердин абалын оңдой албайт. Анан калса, Салык кодексине ылайык, ушундай шартта салыкты үч жылга чейин бөлүп төлөө шарты каралган", — дейт ишкер.

Оңой-олтоң болбосун сезсе да, Сагынов башынан алдын алууга кам урган: өлкөгө коронавирус кире электе эле ал кесиптештерин иш тартибинин өзгөрүшүнө даярдоого киришкен.

Карабаева: эл насыяны баары бир төлөө керектигин унутпашы керек
"Бул жугуштуу илдет эртеби-кечпи Кыргызстанга да жетерин түшүнгөм. Сооданын көлөмү ылдыйлашын туюп турсам да, жамаатты чогултуп, эч бир кишини иштен кетирбей турганымды айткам. Өзгөчө кырдаал, андан соң өзгөчө абал киргенге чейин эле канча кызматкер сырттан иштей ала турганы, кимдин интернетке туташууга шарты бар, компьютер, же жок дегенде ноутбуктары барбы же жокпу деген сурамжылоо даярдаганбыз. Материалдык базаны аныктап алган соң биз бардык зарыл нерселерди сатып алууга аракеттендик", — деп түшүндүрөт ал.

"Ички эрежелерди түзүп, коргоо каражаттары боюнча алдын ала кам көрдүк, ошондой эле жеткирүүдө эч кандай байланыш болбогудай ыкманы ойлоп чыктык. Экспедиторлорубуз үчүн бардык майда-чүйдөсүнө, ал тургай, кардарга калемди карматпоого чейин ойлонуштурулган алгоритмди киргиздик", — дейт ишкер.

Ошол нерселерди эсепке алуу менен компания накталай эмес төлөм жана электрондук капчыкка басым жасаган.

Эптештирүү режиминде коомдук тамактануу жайлары кантип иштөөдө?

Пиццерия түйүнүнүн башкы директору Эсен Жуманов да компаниясынын абалы анчалык эмес экенин жашырбайт. Үч түйүнүнөн экөө гана иштөөдө, кызматкерлерди иштен кетирбөө үчүн иштеп жаткан пиццерияларга бөлүштүрүү боюнча чечим кабыл алышкан.

"Буюртмалар азайды, орточо чек кичирейди. Кардарлар үчүн эмне жасай алдык? Бир нече ыңгайлуу акцияларды уюштурдук, алардын эсебинен баа 10-30 пайызга ылдыйлады. Азыркы тапта биз үчүн киреше табуу эмес, ижара акысы, кызматкерлердин маянасы жана башка чыгымдарды жаба алганыбыз маанилүү", — дейт ал.

Бирок Жумановдун пикиринде, кыргызстандыктар буюртманын наркына гана эмес, коопсуздук стандарттарына да көңүл бурат, көпчүлүк кардарлар үчүн бул көрсөткүч биринчи планга чыкты.

"Адамдар үчүн тамак-аш стерилдүү шартта даярдалганын билүү маанилүү. Биз мурдатан эле эрежелерди бекем сактап келгенбиз, ушул тапта баары кылдаттык менен даярдалганын тез-тез эскерте турган болдук. Кызматкерлер дезинфекцияны саат сайын өткөрүүдө", — деп билдирди ишкер.

Оор абалга кабылган туризм

"Жибек жолу" туризм биримдигинин төрагасы Владимир Комиссаров туристтик тармак оор абалга тушукканын айтат. Анын пикиринде, бул чөйрө 2021-жылы гана ирдене башташы ыктымал: пандемияны дүйнө жеңген күндө да адамдар туризм жана бөлөк көңүл ачуучу нерселерге чамасы жетпейт. Муну аңдаган Владимир өзүнүн туристтик фирмасынын ишин бир жылдык мөөнөткө токтотууну чечти.

Кыргызстандагы бизнес кризиске туруштук бере алабы? Ишкерлердин ачык пикири
"Биздин фирма альпинизм, ат жана тоо туризми менен алектенет. Аны биз убактылуу жапканы турабыз, бирок төлөмдөрдүн кайсы бир бөлүгүн баары бир төлөп берүүгө туура келет. Айрыкча кызматкерлерди коё берүү көңүлгө сыйбай турат, бирок бир жыл ким күтөт? Азыр туризмде кадрдык таңсыктык бар, каатчылык аны дагы курчутат", — дейт ал.

Комиссаровдун айтымында, өзгөчө мейманканаларга кыйын болот: аларды жөн гана жаап коюуга болбойт, кандайдыр бир абалда дайым калыбында кармап туруу зарыл. Серепчинин пикиринде, жок дегенде июль-августта жагдай жакшырып калса, ички туризмдин ыргагы жаман болбойт.

Бул тармактагы туңгуюк абалга карабастан, Комиссаровдун айтымында, бийликтин колунда бул чөйрөнү келечекте күчтүү деңгээлге чыгарууга мүмкүнчүлүгү жаралды. Маселен, аны өнүктүрүүнүн системалык документтерине реалдуу көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдорун ийне-жибине чейин жазуу абзел.

Машыгууларды онлайн түрүндө өткөрүүдөбүз. Спорттук бизнес кантип жатат?

Коронавирус ишкер Урмат Насыкуловду кыйын кезеңге кептеди: анын фитнес-клубунун иши жаңыдан жүрүшө баштаган. Бизнесмен белгилегендей, иши чыгымдуу болбосо да өтө кирешелүү деш кыйын. Бирок аргасыз жагдайга карабай, ал кардарлары жана кызматкерлер менен байланышты үзбөөгө тырышууда.

Кыргызстандагы бизнес кризиске туруштук бере алабы? Ишкерлердин ачык пикири
"Биз кардарлар менен байланышып, машыгууларды түз, онлайн өткөрүүдөбүз. Эксперимент ийгиликтүү болуп чыкты: адамдар биз менен бирге чын дилден машыгууда. Андан тышкары, кыргызстандыктар үйдө аткара ала тургандай көнүгүүлөрдүн комплексин жарыялап турабыз", — деп тажрыйбасынан бөлүштү.

Насыкулов азыркы кыйсыпыр кырдаал адамдардын саламаттыгына орчундуу көңүл бурууга түртөрүн белгиледи. Мунун натыйжасында спорттук индустриянын өнүгүшү өр алат.

Кийим-кече саткандар каатчылыкка каршы кантип күрөшүүдө?

Борбор калаадагы соода борборлорунун биринде ишкер Полина Гордиенконун кийим-кече саткан бутиги бар. Март айында СБ жетекчилиги кийимдерди чыгарып, бөлүмдөрдү жабуу керектигин жарыялаган. Ишкер айым алгачкы күндөр тынч өткөнүн, бирок көп өтпөй кардарлар да өздөрүнө келди көрүнөт, кийим-кечеге буюртма түшө баштаганын айтты. Ал соода борборлорунун көбү ижара акысынан бошотконун, бул ишкерлерге сезилерлик колдоо болгонун кошумчалады.

Кыргызстандагы бизнес кризиске туруштук бере алабы? Ишкерлердин ачык пикири
"Сооданын көлөмү жакшы эле түштү, бирок мындан да жаман болот деп күткөм. Товарларым бардар адамдарга ылайыкталгандыктан, каатчылык алардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнө анчалык катуу таасир этпеди", — деп белгилейт ал.

Гордиенко социалдык медиага басым жасоодо. Ишкер айымдын айтымында, ал улам сынамык кадамдарга барып, жаңы инструменттерди киргизип турат, ошондуктан ишинин жүрүшү жаман эмес. Бирок баары бир кыйынчылыктарга, маселен, товар ташуу жаатында көйгөйгө кабылды.

"Аба каттамы токтогонунан улам буюртма кылууга, алып келүүгө мүмкүнчүлүк жок, биз кызматташкан компания да ушул тапта ишмердигин токтотуп, кеңселерин жапкан. Азыр биз товар ташуунун башка жолдорун табуу жана уюштурууга аракет кылуудабыз", — дейт ал.

Тигүүчүлөр кантти? Жапырт токтогон өндүрүш

Амирбек Закиров 76 мүчөсү бар JIA ишкердик ассоциациясынын текстиль боюнча комитетин жетектейт. Аталган биримдик мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгүн чакан бизнес түзөт. Закировдун айтымында, учурда жеке коргонуу каражаттарын тигүү менен алектенгендер гана ишин улантууда.

Кыргызстандагы бизнес кризиске туруштук бере алабы? Ишкерлердин ачык пикири
"Ишканалар өз ишмердигин токтотушту, бирин-экин компания гана өлкөнүн ички керектөөсү үчүн жеке коргонуу каражаттарын өндүрүүдө. Экспорттун агымы токтогону го түшүнүктүү, ишкерлер товарларын түшүрө албай жана анын акчасы да колдоруна тийбей келет. Сырьё да көйгөй жаратууда, биз аны ташып келе албай жатабыз", — деп түшүндүрдү ал.

Коронавирус кырдаалы жана анын айынан чек аралардын жабылышынан сырткары, валюталык рыноктогу өйдө-ылдый жагдай да өнөр жайдын бул бутагын алсыратканын айтат Закиров.

"Сырье, мисалы, пахта Кыргызстанга Кытай жана Индиядан көп ташылат, ал эми даяр өндүрүм негизинен Россияга экспорттолот. Сомдун куну түшкөн сайын сырьё кымбаттайт. Бул дагы индустрияда белгисиздикти жаратат", — дейт ал.

Серепчи бул тармактын келечегине азыртан кам көрүү зарылдыгын, анын ичинде өнөр жайды баскыч-баскычы менен ишке киргизүү тартибин иштеп чыгуу керектигин кошумчалайт.

Бизнес тирдене алабы? Эксперттердин пикири

Базарлар жана соода борборлорунун абалы начарлоодо, адамдар былтыркы жылдын аягында эле сатып алган товар актуалдуулугун жоготкон. Бул тууралуу Базарлар, соода жана тейлөө тармагындагы ишканалар биримдигинин президенти, "Дордой" СБКнын профсоюзунун төрайымы Дамира Дөлөталиева айтты.

Кыргызстандагы бизнес кризиске туруштук бере алабы? Ишкерлердин ачык пикири
"Контейнерлер ачылган маалда сезон аяктап калат. Ишкерлер абалды түшүнүү менен кабыл алууда: канча болсо да үйдө отурууга даяр, аларга бул үчүн таазим. Бирок базарлардын, соода борборлорунун иши токтоп турган убакта эмнеге алар пайыз акча төлөшөт?" — деп суроо салат Дамира айым.

Дөлөталиеванын айтымында, ишкерлер бир орунда отурганы жок, алар жол издөөдө, өз ишмердигин кайра карап чыгууда, ассоциация жана профсоюздар да тынымсыз аракеттенүүдө.

"Биз бардык мүмкүн болгон конфликттердин алдын алуу үчүн ижарачы жана субижарачылардын ортосуна түшүп, жер ижарасын төмөндөтүү боюнча базарлардын ээлерине кайрылып жатабыз. Профсоюз пайыздык чендерди кайра карап чыгуу өтүнүчү менен салык структураларына кат жолдоду", — деп кошумчалады ал.

Өкмөттүн чаралары көбүнесе декларативдик мүнөздө деп эсептейт КР Соода-өнөр жай палатасынын чакан жана орто бизнести колдоо комитетинин төрагасы Авазбек Керимбаев. Анын пикиринде, азыркы шартта ишкерлерге терең ойлонулган кризис-менеджменттин да жардамы жетишсиз.

Кыргызстандагы бизнес кризиске туруштук бере алабы? Ишкерлердин ачык пикири
"Салык каникулун уюштуруу адилеттүү болмок, бул — бизнестин ирденип алышына дал өбөлгө болчу жол. Жыйынтыгында биз салыкты бөлүп төлөө боюнча уктук, бирок бул маселе боюнча Улуттук банктын сунуштары коммерциялык банктар тарабынан аткарылышы милдеттүү эмес. Бир суроо туулат: ишкерлерден коммерциялык банктар канча арыз алды, канчасы кабыл алынды, ал эми канчасы четке кагылды?" — деп суроо салат Керимбаев.

Чакан жана орто бизнес Кыргызстанда башынан эле отоо чөп сымал: бийликтин колдоосун көрбөй, өзү менен өзү өсүп келе жатат деп эсептейт Ишкерлер союзунун президенти Мелис Сатаров. Ишкерлер бул каатчылыктан эбин таап чыга аларына ал ишенет, анткени алардын башка аргасы жок.

Кыргызстандагы бизнес кризиске туруштук бере алабы? Ишкерлердин ачык пикири
"Көпчүлүк чакан жана орто бизнес 70-80 пайызга банкрот болорун айтышууда. Мындай билдирүүлөрдү түк түшүнбөйм, анткени калкыбыздын басымдуу бөлүгү чакан жана орто бизнес менен байланышкан. Кыргызстандыктардын башка акча табар жери жок, бул — алардын жападан жалгыз киреше булагы. Ооба, ишкерлер бизнесин калыптандырышы бир топ убакытты алат, анан да мамлекет болгону даректүү колдоо көрсөтүүдө. Кээ бир чөйрөлөрдүн кадыры артат, башкалары жаңы жагдайларга ыңгайлашат", — деп баса белгилейт серепчи.

Анын пикиринде, каатчылыктан чыгууда рынок онлайн-соода багытына оойт: кырдаал жергиликтүү бизнес санарип мейкиндикке катышпаганын, өлкөдө бир дагы маркетплейс жок экенин айгинеледи. Сатаров бир-эки ай аралыгында интернет-дүкөндөрдү өнүктүрүш мүмкүн эместигин, бирок жергиликтүү бизнес кача албай турган так көрүнүштөр азыртан түптөлүп жатканын кошумчалады.