Кыргызстанда дагы 13 адам коронавирустан айыкты. Жалпы саны 91 болду

Ушуну менен республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин коронавирустан 91 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Sputnik

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 13 адам коронавирустан айыгып үйүнө чыгарылды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Сакайгандардын экөө Ош шаарында, үчөө Бишкекте, төртөө Нарын облусунда, төртөө Ысык-Көл облусунун тургундары.

Ушуну менен республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 91 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Коронавирустун кесепети

Ал эми Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 466га жетип, анын 91и айыгып чыкты. Арасында 104 медицина кызматкери дагы бар. Оорунун кесепетинен беш адам каза тапкан. 

Кыргызстандын төрт шаары жана төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда кечки саат 9.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат иштейт.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.