БИШКЕК, 16-апр — Sputnik. Милицияга таандык Lada Priora унаасы менен бустун кагышуусунун бардык жагдайы аныкталып жатканын шаардык комендатура билдирди.
Жол кырсыгы бүгүн, 16-апрелде, саат 6:20да Көлбаев жана Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде болгону айтылат.
"Жол кырсыгынан кийин айдоочулар Тез жардамдын бригадасы менен Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген. Учурда окуянын бардык жагдайы аныкталып жатат", — деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, жол кырсыгы тууралуу алгач окуянын күбөсү билдирген. Анын айтымында, автокөлүктөр сүзүшкөндө бус капталына кулап калган. Тез жардам кызматы үч киши жабыркаганын маалымдаган болчу.