БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттиги коронавирустун жайылып жатышынан улам коңшу мамлекеттердеги абалга көз чаптырып көрдү.
Казакстан
Маалыматка ылайык, Казакстанда коронавирус жогорку чекке келип калгандыктан, өлкөдө массалык түрдө скрининг (тест менен ооруну аныктоо — ред.) башталат. Коңшу өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын көбү Алматы (380), Нур-Султан (297), Кызыл-Ордо облусу (127) жана Карагандада (82).
Коронавирустан 240 адам сакайып, 16 киши каза болду. Баса, оор абалдагы бейтаптарды Нур-Султан шаарына атайын автоунаа менен жеткиришүүдө. Аппаратта жаткандардын жакындары азыр чындап эле кыйын кырдаал болуп жатканын айтып, казакстандыктарга кайрылуу жасашкан.
Өзбекстан
Өзбекстанда коронавирус аныкталган 1302 учур катталып, төрт киши көз жумган. Айыккандардын саны — 107. Бул мамлекетте да коронавирустан улам карантинде үйдө отуруп акчасы жок калган, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө гумжардам берилүүдө. Айрым бейтаптар дарыгерге бир нече ирет кайрылгандан кийин коронавирус аныкталып жатканы айтылууда.
Тажикстан
Тажикстанда азырынча коронавирус аныкталган учур каттала элек.
Россия
Миллиондогон мекендештер иштеп жүргөн Россияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 24 500гө жетти. Андан 1986 адам айыкса, вирус 198 адамдын өмүрүн алган.
Кытай
Ал арада оорунун очогу чыккан Кытай кадимки жашоосуна кайтууда. Бул мамлекетте коронавирусту 83 миңден ашык адам жуктуруп алса, анын 90 пайыздан ашыгы айыккан.
Кыргызстан
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Ошондой эле кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга да баш багыңыз.