БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Эгер өзгөчө абал режимин узартпаса, күнү-түнү иштеген дарыгерлер менен укук коргоо органдарынын иши текке кетет. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште билдирүү жасап жатып билдирди.
Өлкө башчысы тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана медицина кызматкерлери менен кеңешкенде карым-катнаштын кескин чектелиши кырдаалды көзөмөлдөөгө туура кадам болгонун айтышканын белгиледи.
“Ушундай катаал сыноону баштан кечирип жатабыз, мамлекет башчысы катары мен үчүн жалпы коомдун, ар бир мекендешимдин ден соолугу кымбат. Ошондуктан ушундай чечимге бардым. Антпесе оорунун кесепети узак убакытка чейин тийиши мүмкүн, өлкөнүн келечегине абдан катуу доо кетирип алабыз. Ооруну жугузгандардын саны азайган учурга жете элекпиз, муну дагы бир ирет кайталайм. Тажрыйба көрсөткөндөй, башка өлкөлөрдө карантин 30-40 күнгө созулуп жатат”, — деди Жээнбеков.
Мамлекет башчы учурда коронавирустун вакцинасы табыла электигин айтып, андыктан коргонуунун эң негизги куралы санитардык эрежелерди сактоо экенин белгиледи.
“Эң кымбат нерсе — жарандарыбызды ден соолугу жана өмүрү. Азыр өзгөчө абал режимин алып салсак, медиктердин күнү-түнү жасаган эмегеги, тартип сакчыларынын аракети текке кетет. Күнүмдүк турмуштагы ыңгайсыздыкка карабай, өзгөчө абал киргизүү эң зарыл кадам. Муну баарыбыз туура түшүнөлү. Мага да мөөнөтүн узартуу оңой чечим болгон жок”, — деди президент.
Ошондой эле Жээнбеков күнүмдүк киреше таап тиричилик өткөргөндөр тууралуу өзүндө маалымат бар экенин айтып, алар колдоосуз калбай турганын эскертти.