Таласта атылып, эки көзү тең көрбөй калган илбирске 50 миң сом бөлүндү

Жырткычты Таластан борбор калаага январда алып келген. Анын бир көзү мурдараак эле агып калса, экинчи көзүнө ок тийгенден кийин көрбөй калган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Таласта жарадар болуп, кийин Бишкекке алынып келген бала илбирсти колдоо үчүн атайын эсебинен 50 миң сом бөлдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен кабарлашты.

Таласта атылып, эки көзү тең көрбөй калган илбирске 50 миң сом бөлүндү

Маалыматка ылайык, Жаабарс аттуу илбирске делген каражат "Бугу-Эне" фондуна которулду.

БУУ Кыргызстанда жарадар болгон илбирске жардам бермей болду
Эске салсак, жырткычты Талас облусунан Бишкекке 10-январда алып келишкен. Рентген анын денесинен, башынан чачма окторду тапкан. Ал борбор калаага жеткирилгенден кийин ветеринарлар операция кылышкан. Анда жырткычтын оң көзү мурдараак эле соолуп калганы анык болгон. Ал эми экинчи көзү адамдар кол салганда жабыркаган. Жаныбар Бишкек шаарына жеткирилери менен "Бугу-Эне" коомдук фондунун камкордугуна алынып, ага Жаабарс деген ысым ыйгарышкан.

Кийинчерээк жаныбарга операция жасалып, бир көзү дагы такыр көрбөй калганы белгилүү болгон

Ал эми аны аткан киши дагы деле табыла элек.