Радио

Токтомаметов: теледеги сабактарды мугалим багыт катары гана алышы керек

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмазбек Токтомаметов дистанттык окутууда мугалимдерди креативдүү болууга чакырды.
Sputnik
Токтомаметов: теледеги сабактарды мугалим багыт катары гана алышы керек

Телевидение аркылуу көрсөтүлүп жаткан сабактар менен өзгөчө аймактардагы мектептердин сабактары дал келбей калышы мүмкүн. Мунун бир нече себеби бар. Андыктан мугалимдер теледеги көрсөтүлүп жаткан окутууларды багыт катары гана алып, өз иш планы менен сабагын уланта берүүсү керек. Бул тууралуу Алмазбек Токтомаметов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, телевидениеде көрсөтүлүп жаткан башталгыч класстардын сабактарын Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы, Ош шаарынын педагогдору жана жеке мектептин мугалимдери өздөрүнүн тематикалык пландарына жараша тартып, чыгарып жатышат.

"Дистанттык окутууда айрым ата-энелер теледеги сабактар менен балдардын өзүнүн мектептеринде өтүлүп жаткан сабактар дал келбей калып жатканын айтышууда. Мунун бир нече себеби бар. Негизинен сабак өтүү тематикасы республика боюнча бирдей түзүлбөйт. Мугалимдер өздөрү иштеп чыккан пландары менен окутат. Буга дагы бир себеп —  колдонулган китептердин ар түрдүү болуп калуусу. Ал эми учурда телевидение аркылуу өтүлүп жаткан  сабактарды мугалимдер жөн гана багыт катары кабыл алып, өзүнүн иш планы менен балдарды окутуусун уланта берүүсү зарыл. Азыр дистанттык окутуу педагогдор үчүн кыйынчылык жаратуу менен мүмкүнчүлүктөргө да эшик ачууда. Андыктан мугалимдерди учурдан пайдаланып креативдүүлүгүн көрсөтүп, түрдүү видеолорду тартып же башка аракеттер менен сабактарын кызыктуу өтүүгө чакырып кетем", — деди Токтомаметов.

Ал мугалимдерди теледеги сабактардан керектүүсүн алып, өздөрүнүн иш планынын негизинде журнал толтуруусу керектигин кошумчалады.