Икрамов: өкмөттүн айынан эл депутаттар менен президентти жек көрүүдө

Эл өкүлү өкмөт чет өлкөдөн келе албай жаткан мигранттарды алып келүү маселесин чече албай жатканына нааразы болду.
Sputnik

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Өкмөт начар иштеп жаткандыктан эл парламент менен президентке нааразы болуп жатат. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов парламенттин жыйынында айтты.

Эл өкүлү өкмөттүн чет өлкөгө дарыланууга кеткен жана иштеп жүргөн кыргызстандыктарды алып келүү маселесин чече албай жатканын сынга алды.

Жээнбеков мекенине кайта албай жаткан кыргызстандыктарга кайрылды
“Үч жылдан бери аэропорттогу шалаакы, тажрыйбасыз жетекчилердин ордуна иш билги адистерди койгула деп айтып жатам. Аэропорттун жетекчиси кеткени менен иш жылган жок. Керек болсо Кыргызстандын бир да самолёту жок, аларды сатып жок кылган адамдарды премьер-министр чоң кызматтарга коюп жатат. Парламентти сөктүрбөй, президентке кайрылтпай, “Манас” аэропорту мигранттарды өзү эле алып келип койсо болмок. Солярка сатып да миллиондоп, миллиарддап байып отурушат ошол жерде. Алар менен өзүңөр табакташсыңар, ошон үчүн сөзүңөр өтпөйт. Мындан улам сөгүш парламент менен президентке келет, өкмөт таптаза бойдон отурасыңар”, — деди Икрамов.

Буга байланыштуу депутат авиация тармагындагы жетекчилерди кызматтан кетирип, ордуна иштей ала тургандарды коюш керектигин айтты.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, азыркы тапта чет өлкөдө 4371 кыргызстандык мекенине келе албай жатат.