Ош жана Жалал-Абад шаарынын тургундары эми уруксат кагазын онлайн алат

Онлайн система аркылуу Ош жана Жалал-Абад шаарынын тургундары менен унаа ээлери аралыктан эле электрондук уруксат кагаз алууга арыз берип, жооп алат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Ош жана Жалал-Абад шаарынын тургундары өзгөчө абал режими убагында берилүүчү уруксат кагазын эми электрондук түрдө ала алышат. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети билдирди.

Боронов Абылгазиев баштаган министрлерди жазадан сактап калды
Өткөрмө кагазын онлайн берүү системасын комитеттин алдындагы IT штабынын адистери ишке ашырган.

Бул система Ош жана Жалал-Абад шаарынын аймагындагы тургундар менен автоунаалардын саат 6:00дөн 21:00гө чейин жана коменданттык саат убагында жүрүүсү үчүн иштелип чыккан. Система менен аралыктан электрондук уруксат кагазга арыз берип, жооп алууга болот.

Өткөрмө кагазын онлайн алуу:

Кененирээк Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин сайтынан таанышууга болот.