БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. АКШ, Канада, Улуу Британия жана Австриянын окумуштуу-офтальмологдору коронавирус пандемиясы жүрүп жаткан маалга карата көз айнек жана линза тагынгандарга кеңеш беришти. Макала Contact Lens & Anterior Eye журналына жарыяланганын РИА Новости жазды.
Жалпысынан сунуштарды бешке бөлүүгө болот.
Эпидемия убагында линза тагынууга болот. Аны колдонгондор коронавируска көбүрөөк чалдыгуу коркунучунда деген илимий тастыктоо жок. Окумуштуулардын айтымында, көз айнек менен линзалар дарыгердин сунушу жана ар кимдин жеке каалоосу менен тандалышы керек.
Линза колдонууда гигиенаны сактоо өтө маанилүү. Адегенде колду жакшылап жууп, линзаларды кургак кол менен гана алып, аны сактаган кутучасын да дезинфекциялоо керек. Көз айнекти дайыма сүртүп, кээде жылуу суу жана самын менен жууп туруу зарыл.
Көз айнек же линза тагынгандар азыр бөтөнчө бети-башын кармалай бербеши зарыл. Кир кол менен мурунга, оозуңузга жана көзүңүзгө тийбеңиз. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору жана башка өлкөлөрдүн улуттук саламаттык сактоо уюмдары бул эрежени так сактоону талап кылышууда.
Вируска чалдыккан адамдар линза колдонууну убактылуу токтотуп, көз айнек тагынууга өтө турганы жакшы. Айыккандан кийин линза тагынууга болот, бирок жаңысын алуу керек. Анын кутучасы дагы жаңы болууга тийиш.
Кошумча сунуш катары авторлор инфекция коркунучун азайтуу максатында офтальмологго барбай турууну айта кетишти. Ошондой эле уктоо маалында линзаны чечүүнү эскертишти.