COVID-19 менен күрөшүүгө бюджеттик резервдеги 827 млн. сом да жумшалат

Өкмөттүн токтом долбоорун 115 депутат колдоп берди. Натыйжада эпидемия менен күрөшүүгө 827 миллион сомдон ашык каражат бөлүнмөй болду.
Sputnik

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү максатында мамлекеттик бюджеттин резервиндеги каражат бөлүнөт. Аталган маселе боюнча токтом долбоору бүгүн парламенттин жалпы жыйынында каралды.

Анда финансы министринин орун басары Алмаз Курбаналиев баяндама жасап, резервдеги 827,6 миллион сомдун баарын пайдаланууга өкмөткө уруксат берүүнү сурады. Натыйжада токтом долбоорун 115 депутат колдоп, резервде калган каражаттын баарын пайдаланууга уруксат берилди.

Эл өкүлдөрү өкмөт бөлүнгөн каражаттын колдонулушу боюнча маал-маалы менен отчёт берип турушу керектигин эскертишти.