Радио

Сарыбаев: пандемияны өлкө экономикасын жакшыртууга пайдаланса болот

Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев Кыргызстанда коронавирустун кесепети айрым өлкөлөргө салыштырмалуу өтө оор болбой турганын айтты.
Sputnik
Сарыбаев: пандемияны өлкө экономикасын жакшыртууга пайдаланса болот

Азыркы кризис өлкөдөгү кемчиликтерди көрсөтүп койду. Аны биз айтпасак дагы ачык көрүнүп турат. Мындай пикирин Айылчы Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаралган абал экономиканы оңдоп кетүүгө жакшы шарт түзүп берет.

"Коронавируска байланыштуу кырдаал Кыргызстан үчүн экспорт менен иш кылган көп өлкөлөргө салыштырмалуу бир топ жеңил өтөт. Себеби бизде негизинен элдин 60 пайызы айыл чарбасында жана айыл чарба продукциясын өстүрүү менен алектенет. Эгерде жазгы талаа иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлсө, кыштактарда анчалык деле азык-түлүк тартыштыгы жаралбайт. Бирок шаар калкына, бюджеттен акча алган, пенсия менен оокат кылган, көп балалуу үй-бүлөлөргө абдан терс таасирин тийгизет. Ушул кырдаалдан пайдаланып, экономикада бурулуштарды жасоого болот. Себеби бул кризис кайсы азык-түлүктүн баасы көтөрүлө турганын, кайсы продукция жетишпей турганын, кайсы өлкөлөргө кандай себеп менен көз каранды болуп каларыбызды, деги эле өлкөдөгү кемчиликтерди аныктап, түшүндүрүп койду. Күзгө жуук бул кыйынчылыктан, өзгөчө азык-түлүк кризисинен чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн кадр саясатын туура жүргүзүп, уюштуруу  иштери мыкты деңгээлде аткарылышы шарт", — деди Сарыбаев.

Экономист кырдаалдан чыгып кетүү үчүн алтынга, мамлекеттик резервге үмүт артпай, экономикалык саясатты тууралоо керектигин кошумчалады.