Карантинде үйдөн ооз ачалы! Муфтий Токтомушевдин элге кайрылуусу видеодо

Өлкөдө коронавирустун тарашынан өзгөчө абал режими апрелдин аягына чейин узартылмакчы. Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев элге кайрылуу жасады.
Sputnik

Видео муфтияттын расмий YouTube каналына жүктөлдү.

Токтомушев ыйык Рамазан айы карантинге туш келерин айтып, орозону үйдөн кармоого чакырган.

Депутат өзгөчө абалдын мөөнөтүн орозо бүткөнгө чейин узартууну сунуштады
"Рамазанда орозону тутуу бул бардыгыбызга милдеттүү парз. Орозону биз үйдө кармайбыз. Ооз ачарды үй-бүлөбүз менен чогуу үйдө кылабыз. Абал турукташканга чейин таравих намаздарын дагы үйдө окуйбуз. Учурда жума намаздын ордуна бешим намаз, беш убак намаздарды, фарстарды да үйдөн окуп жаткандан кийин таравих намазын да үйдөн окуй туралы. Кудай кааласа, бул кыйынчылыкты түшүнүшүү, бири-бирибизге кол сунуу жана тартипти сактоо менен жеңе алабыз", — деген муфтий.

Учурда Орозо айынын так убактысы айтыла элек.

Ооз ачар жана ооз бекитүү убактысын Орозо-2020 календарынан көрсөңүз болот.

Эске сала кетсек, кечээ президент Кыргызстанда өзгөчө абал режимин 30-апрелге чейин узарткан Жарлыкка кол койгон.