БУУнун башкы катчысы Трамптын ДССУну каржылоону токтотушун сынга алды

Трамп мындай чечимин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус тууралуу өз убагында элге маалымат бербей коюшу менен түшүндүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш АКШ президенти Дональд Трамптын Дүйнөлүк саламаттык уюмун каржылоону токтотушун сынга алды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Шейшемби күнү Американын лидери Дональд Трамп ДССУга каражат бөлүүнү токтотуп жатканын жар салган. Ал мындай чечимин "уюм коронавирус тууралуу өз убагында маалымат бербей, дүйнө коомчулугуна чындыкты жеткирбей койгону" менен түшүндүргөн.

"Азыр вирус менен күрөшүп жаткан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун же башка гуманитардык уюмдун ишмердүүлүгүнө ресурстарды (бөлүнгөн каражаттарды — ред.) азайтуунун убагы эмес", — деген Гутерреш билдирүүсүндө.

АКШ коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү алууга камынууда
БУУнун башкы катчысы белгилегендей, азыр эл аралык коомчулук пандемияны жеңүү үчүн биргеликте иш алып барышы керек.

Буга чейин америкалык лидер ДССУну Кытайга өтө эле көңүл бурганын, болбосо АКШ бөлгөн акчанын көпчүлүк үлүшүн аларын айтып, бир нече ирет сындаган. Буга байланыштуу уюмдун каржылоосун карап чыгууга убада берген.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Трамптын эскертүүлөрүнө комментарий берип, коронавирустун темасын жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун иш-аракеттерин саясатташтырбоого чакырган.