ЕЭКтин Бажы кызматташтыгынын башчысы болуп КР президентинин кеңешчиси келет

Алынган маалыматтарга караганда, Акматов Евразиялык банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директорлугуна дайындалгандыктан бул иштен кетип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. ЕЭКтин Бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия мүчөлүгүнө президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси Олег Панкратов келет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин ЕЭКтеги маалымат булагы билдирди.

Буга чейин аталган орунда министр болуп иштеп жаткан Нурлан Акматовдун өз каалоосу менен кызматтан баш тарткандыгы айтылды.

Алынган маалыматтарга караганда, Акматов Евразиялык банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директорлугуна дайындалгандыктан бул иштен кетип жатат.

ЕАЭБ өлкөлөрүнө азык-түлүктүн айрым түрлөрүн салыгы жок киргизүүгө уруксат берилди
Панкротов 1969-жылы 1-январда туулган. Биринчи билими физика, информатика жана эсептөө техникасы боюнча адис. Экинчи билими — юрист. Кыргызстанда эки ирет, 2015-2017-жылдары жана 2018-2019-жылдары экономика министри болгон. 2019-жылдын май айында өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Анда Панкратов өзүнө айтылган сындарга жооп кылып, министрликтен "жаштарга орун берүү" үчүн кеткенин айткан. Мындан көп өтпөй эле президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп дайындалган.

Евразиялык экономикалык комиссия — Евразиялык экономикалык биримдикти дайыма жөнгө салып турган орган. Ал 2012-жылдын февралынан тарта иштеп келет. Курамына ЕАЭБге мүчө болгон Кыргызстан, Россия, Белоруссия, Армения, Казакстан кирет.

ЕЭКтин улуттук башкаруу органынын алдындагы атайын макамы бар. Чечим чыгарууда өкмөттөрдүн улуттук кызыкчылыгына эмес, евразиялык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн бардыгынын кызыкчылыгын коргоого таянат.

Бардык чечимдер коллегиалдуу, анын он мүчөсүнүн (министрлеринин) катышуусу менен кабыл алынат. Ар бир өлкөдөн экиден министр болот.