Өкмөт чет өлкөдөн 4300 кыргызстандыкты алып келүүнү пландоодо

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, учурда чартердик каттамдарды ачуу тууралуу коӊшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү чет өлкөлөрдөн мекенине кайтууну каалап жаткан 4371 кыргызстандыкты алып келүүнү пландап жатат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновго таянып Республикалык штаб кабарлады.

“2020-жылдын 2-февралынан тарта чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алып келүү боюнча 35 чартердик рейс аткарылды. Бүгүнкү күнгө карата дагы 4371 адам мекенине кайтууну каалап жатат. Алардын ичинен 2716 киши Россиянын Москва, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларында”, — деди Боронов.

ТИМ: азырынча чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды алып келүү мүмкүн эмес
Анын айтымында, учурда чартердик каттамдарды ачуу тууралуу коӊшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Эске салсак, март айынан бери 132 кыргызстандык Новосибирскиден Бишкек жана Ош шаарына уча албай, аэропортто күн көргөн учурлары дагы болгон. Кийин аларды аталган шаардагы Башкы консулдук убактылуу мейманканаларга жайгаштырган.

Мындан тышкары, Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарында дагы Казакстандын мамлекеттик чек арасынын ачылышын күтүп 67 автоунаа жана 110 кыргыз кармалып турат.