Кыргызстанда коронавирус 6 күндөн кийин жогорку чекке жетери айтылды

Министрдин орун басары бул аралыкта элдин коюлган чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алуусу абдан маанилүү экенин эскертти.
Sputnik

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Коронавирустун жеткен чеги болжолдуу түрдө 20-24-апрелге туура келиши мүмкүн. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, мөөнөтүн аныктоо үчүн адистерден, окумуштуулардан турган атайын топ түзүлгөн.

"Күн сайын иликтөө, байкоо жүрүп жатат. Алардын айтымында, коронавирустун Кыргызстанда жеткен чеги 20-24-апрелде болушу мүмкүн. Ушул убакыт эртерээк өтүп кетсе, вирусту жуктургандар азайып баштайт эле. Бул аралыкта дарыгерлердин айтканын аткарып, койгон чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алышыбыз керек. Ошондо гана биз жай турмушка кайта алабыз", — деди Үсөнбаев.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус аныкталган адамдардын саны 430га жетти. Анын ичинен 71 адам айыгып чыккан, тилекке каршы, бешөө каза болуп калды. Ошону менен бирге 79 медицина кызматкери оору менен алышууда, үчөөнүн абалы оор. Катталган учурлардын ичинен 230у аял, 200ү эркек.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот. 
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.