Жээнбеков кесиптештерине ЕАЭБдеги эмгек мигранттарын колдоону сунуштады

Президент көп сандаган жарандар ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн аймагында жашап-иштеп келе жатканын жана пандемия шартында алардын оор турмуштук жагдайларга кабылганын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков бүгүнкүдөй кыйын мезгилде ЕАЭБдин бардык жарандары үчүн социалдык жана медициналык колдоонун бирдиктүү механизмин кабыл алууну сунуштады. Бул тууралуу Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) мүчөлөрүнүн видеоконференция форматындагы жумушчу жыйынында сөз болду.

Белгилей кетсек, бул жыйын коронавирус менен күрөшүү жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин экономикалык туруктуулугун колдоого багытталган.

Президент көп сандаган жарандар ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн аймагында жашап-иштеп келе жатканын айтып, аларга азыр социалдык жана медициналык колдоонун бирдиктүү механизмин кабыл алууну сунуштады.