Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты дайындалды

Буга чейин Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондоруна өзгөчө абал киргизилген. Эми алардын катарын Нарын шаары менен Ат-Башы толуктады.
Sputnik

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Өзгөчө абал киргизилген Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты болуп облустук милициянын башчысы Уланбек Аалиев дайындалды. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Шалаакылык! Депутат экс-министр Чолпонбаевди жазага тартууну сунуштады
Эске сала кетсек, бүгүн, 15-мартта, өлкө башчы Жээнбеков өзгөчө абал режимин узартуу боюнча Жарлыкка кол койду.

Буга чейин Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондоруна өзгөчө абал киргизилген. Эми алардын катарын Нарын шаары менен Ат-Башы толуктады.

Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.