Кыргызстанда тез арада паспорт алуунун баасы арзандады

Төмөндөтүлгөн баалар 16 жашка чыккандан кийин жана алмаштыруу үчүн паспорт алгандарга тиешелүү.
Sputnik

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинен тарта тез арада паспорт алуунун баасы арзандайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы билдирди.

КРде айдоочулук күбөлүк арзандап, автоунааны каттоо жеңилдеди
Үч сааттын аралыгында паспорт берүүнүн баасы персоналдаштыруу (жасоо) жана кызмат көрсөтүүлөр (документ кабыл алуу, каттоо, берүү) үчүн деп эки бөлүк менен бааланчу. Жаңы жобо боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасы төмөндөгөндүктөн, жалпы наркы арзандаган.

Ага ылайык, 2017-жылы чыккан үлгүдөгү ID-карта 4 270 сомдон 3 987 сомго чейин түштү. Ал эми жалпы жарандык паспорт 6 193 сомдон 5 523 сомго чейин арзандады.

Бул төмөндөтүлгөн баалар 16 жашка чыккандан кийин жана алмаштыруу үчүн паспорт алгандарга тиешелүү. Ал эми жоготуп алгандарга мындан кымбатыраак баада жасалмакчы.