Кыргыз-кытай чек арасы жүк ташуу үчүн ачылды

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы коронавирус кооптуулугунан улам февраль айынан бери жабык турган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасынын “Эркеч-Там” пункту жүк ташуу үчүн ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Кыргыз-өзбек чек арасынан жүк эки пункттан гана өткөрүлмөй болду
Билдирмеде бүгүн, 14-апрелде, кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында “Эркеч-Там” өткөрмө бекетин жүк ташуу үчүн кайра жандантууга макулдашылганы айтылат.

Ал эми “Торугарт” өткөрмө бекетин ачуу маселеси Нарындагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша караларын билдиришти.

Ошол эле учурда чек ара ачылганы менен адамдардын өтүшүнө коюлган чектөө дагы деле күчүндө экени белгиленет.

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы коронавирус кооптуулугунан улам февраль айынан бери жабык турган.