ЕАЭБ президенттери видеожыйын өткөрөт? Эмне тууралуу сөз болот

Макулдашуулардын жыйынтыгы менен Евразия экономикалык биримдигинин мүчөлөрү биргеликте билдирүүлөрдү таратышат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин мүчөлөрү коронавирус менен биргеликте күрөшүү маселелерин талкуулайт. Бул тууралуу Кремлдин сайтында жарыяланды.

Жолугушуу шейшемби, 14-апрель күнү, видеоконференция форматында өтөт. Маалыматта айтылгандай, жолугушууда вируска каршы күрөштөн тышкары, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасын турукташтыруу маселеси дагы каралат.

Макулдашуулардын жыйынтыгы менен Евразия экономикалык биримдигинин мүчөлөрү биргеликте билдирүүлөрдү таратышат.