ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттери видеоконференция аркылуу жыйын курууда

Иш-чарага Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын президенттери, Армениянын премьер-министри катышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөлөрү видеоконференция форматында сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Кремлдин сайтына жарыяланды.

Мишустин пандемияга каршы ЕАЭБде иштелип чыккан чаралар тууралуу айтты
Жыйын коронавирус менен күрөшүү жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин экономикалык туруктуулугун колдоого багытталган.

Жыйынга Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын президенттери, Армениянын премьер-министри катышууда. Иш-чаранын жыйынтыгында биргелешкен билдирүү жасалат.

Өткөн жумада ушундай эле видеоконференция форматында ЕАЭБ мамлекеттеринин премьер-министрлеринин жыйыны болуп өткөн. Анда эмне тууралуу кеп болгонун материалдардан окусаңыздар болот.