АКШ коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү алууга камынууда

Трамп өлкөдө коронавируска чалдыккан жана андан каза тапкандар азайып баратканын айтып, бул АКШда эпидемиянын жогорку чеги өтүп кеткенин айгинелеп турарын белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Дональд Трамп администрациясы АКШда коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү алуунун планын иштеп бүтүп калганын билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Американын лидери аталган маселе боюнча маалымат жыйын курган.

"Мен бул тууралуу командам менен, алдыңкы эксперттер менен биргеликте көп талкууладым. Биз өлкөнү ачуу планын аяктап калдык. Бул пландалгандан да эрте болушу мүмкүн. Жакын арада губернаторлорго шаарларды коопсуз кылып ачуусу үчүн маанилүү сунуштарды беребиз", — деген Трамп.

Коронавирус каттала элек 17 мамлекет бар. Тизме
Ал мамлекетти карантинден чыгарууну президент чече турганын белгилеп, ошол эле убакта штат башчыларынын кеңешин да угарын айткан.

Трамп өлкөдө коронавируска чалдыккан жана андан каза тапкандар азайып баратканын билдирип, бул АКШда эпидемиянын жогорку чеги өтүп кеткенин айгинелеп турарын кошумчалаган.

Аллергиялык жана инфекциялык оорулардын улуттук институтунун башчысы Энтони Фаучи өлкө дароо эмес, аз-аздан ачылышы мүмкүндүгүн айткан.

14-апрель, эртең мененки маалыматка ылайык, АКШда коронавирусту 582 607 адам жуктуруп, 23 628 адам көз жумду. Ал эми вирусту 2 935 006 адам жеңди.