Ырчы Стас Михайлов коронавирус жуктурганын бешинчи тесттен кийин гана билген

Артистте оорунун белгилери үч күн катары менен дене табы 37-37,2 градус болуп көтөрүлгөндөн кийин байкалган. Андан кийин мурду жыт сезбей калган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Россиялык эстрада ырчысы Стас Михайлов коронавирус жуктуруп, ооруп айыккандыгын Instagram баракчасына жазып чыкты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Стас Михайлов (@stas_mihailoff)

Артисттин айтымында, анда COVID-19 инфекциясы бар экендигин бешинчи ирет жасалган тест аныктаган.

"Ушундай ооруга чалдыгам деп такыр ойлогон эмесмин, бирок ушундай болду. Роспотребнадзордун тести менде коронавирус бар экендигин аныктады", — деп жазды Михайлов.

Коронавируска өз алдынча текшерүүдөн өтүүгө болобу? Министрдин жообу
Ырчы билдиргендей, ал ооруканадан сакайып чыккан. Азыр үй карантинде толук айыгышын күтүүдө.

Артистте оорунун белгилери үч күн катары менен дене табы 37-37,2 градус болуп көтөрүлгөндөн кийин байкалган. Андан кийин мурду жыт сезбей калган.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, учурда коронавирус инфекциясын дүйнөдө 1,85 миллион адам жуктуруп, 435 миң адам айыккан. Каза тапкандардын саны 114 331ге жетти.