Өлкөнүн бир катар ашууларында кар жаап, жолдор тазаланууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги республиканын тоолуу жолдорунда кар көчкү түшүшү күтүлөрүн айтып, унаалардын ортосундагы аралык 500 метр болушу керектигин эскертти.
Sputnik

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Өлкөнүн ашууларында кар жаап, жумушчулар жолдорду тазалап жатат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Мындан улам республиканын тоолуу жолдорунда кар көчкү түшүшү күтүлөрү айтылды.

Жаанчыл болот! Бир жумага карата аба ырайы
Учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөктө майда кар жаап жатат. Ал эми Нарын — Баетов, Нарын — Өрүк-Там, Торкен — Толук жолдору кардан тазаланып атат.

12-апрелден 16-апрелге чейинки жаан-чачындан улам тоолуу райондордо жана Бишкек — Ош унаа жолунун 121-137- чакырымдарында (Төө-Ашуусу), 198-250-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 72-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Каракол — Эңилчек жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусунда) кар көчкү түшүп, жолдор тоңуп тайгак болот. Жолго чыккан айдоочуларга автоунаалардын ортосундагы аралык 500 метр болушу керектиги эскертилди.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 13-апрелде кечинде Талас облусунун көп аймактарында жана Чүй облусунун кээ бир жерлеринде жаан жаап, тоолуу жерлеринде кар түшөт.