Коменданттык саат режимин бузгандардын саны айтылды

Коменданттык сааттын эрежелерин көп бузгандар Бишкек менен Ош шаарларында. Бир гана Ноокат районунда соңку күндөрү режимди сактабай койгондор боло элек.
Sputnik

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Түндө Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык сааттын эрежесин 95 адам бузуп, үч унаа айып короого токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Коменданттык сааттын эрежеси боюнча Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда кечки 8.00дөн эртең мененки саат 7.00гө чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.

12-апрель күнү кечинде жана 13-апрелге караган түнү коменданттык сааттын талаптарын бузгандар төмөнкү жерлерде катталды:

  • Бишкек шаарында — 56;
  • Ош шаарында — 16;
  • Жалал-Абад шаарында — 10;
  • Сузак районунда — 5;
  • Кара-Суу районунда — 1.

Бишкекте уурдалган терминал. Милиция шектүүлөрдү кармады
Ал эми Ноокат районунда тартип бузуулар катталган эмес. Белгилей кетсек, аталган райондо акыркы күндөрү эрежени сактабагандар жок.

Кармалгандар ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнө жеткирилип, эреже, тартиптерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Коменданттык саат аяктаган соң үйлөрүнө коё берилген.

Жалпысынан Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилгенден, тагыраагы, 25-марттан тарта коменданттык саат эрежесин бузган 2471 адам кармалган.