Бишкекте уурдалган терминал. Милиция шектүүлөрдү кармады

6-апрель күнү саат 02:10до Абдрахманов көчөсүндөгү терминалды белгисиз адамдар көтөрүп кетишкен. Жабдуунун ичинде 61 500 сом болгон. Ал эми терминалдын өзү 1500 доллар турары айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкекте коменданттык саат учурунда терминалды уурдап кеткен деп шектелгендер кармалды. Бул тууралуу комендатурадан билдиришти.

Эске салсак, 6-апрель күнү саат 02:10до Абдрахманов көчөсүндөгү терминалды белгисиз адамдар көтөрүп кетишкен. Жабдуунун ичинде 61 500 сом болгон. Ал эми терминалдын өзү 1500 доллар турары айтылган.

Эки район тынч. Калган аймакта 95 адам коменданттык сааттын эрежесин бузду
Ошол эле күнү бул окуя боюнча Свердлов РИИБине Т.Б. аттуу жаран кайрылган. Мындан улам аталган факт Жазык кодексинин 200-беренесине ("Уурулук") ылайык, Кылмыш жана жазыктардын бирдиктүү реестрине катталган.

"Ыкчам иликтөө иштеринин негизинде кечээ Свердлов райондук милициясынын криминалдык кызматы тарабынан уурулукка шектүү катары 30, 29 жана 27 жаштагы үч жаран кармалды. Алар Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда алардын шаар аймагында жасалган буга чейинки башка кылмыштарга дагы тийиштиги иликтенип жатат.