Кара-Сууда улут аралык кастыкты козутууга шектелген жаран кармалды

Кармалган кишинин социалдык тармактарга улут аралык кастыкты козутуучу чагымчыл маалыматтарды жайгаштырганы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет социалдык тармакта чагымчыл маалымат тараткан адам аныкталганын билдирди.

Маалыматка караганда, бул иш боюнча 9-апрелде УКМКнын жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган С.Н. аныкталды. 

Кара-Сууда улут аралык кастыкты козутууга шектелген жаран кармалды

Анын социалдык тармактарга улут аралык кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды жайгаштырганы айтылат.

"Блокпосттон 200 сомго өткөрүп жатышат". УКМК жалган маалымат тараткандарды кармады
Аталган факты боюнча сотко чейинки териштирүүнүн материалдары Жазык кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгү ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүу реестрине катталган.

Учурда тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

УКМК чагымчыл жана башка улут аралык кастыкты козуткан маалыматтарды тараткандар жоопко тартыларын эскертет.