Кыргызгидромет: Бишкек шаарында аба тазарды

Кыргызгидрометтин Атмосфералык абанын булгануусуна байкоо жүргүзүү бөлүмү Бишкек шаарындагы абанын сапатын 1970-жылдардан бери көзөмөлдөп келет.
Sputnik

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Апрель айында Бишкек шаарында аба тазарды. Буга ары-бери каттаган автоунаалардын азайышы себеп болушу мүмкүн экенин “Кыргызгидромет” билдирди.

Күтүүсүз түшкөн кар, ээн калган көчөлөр. Бишкектин асмандан көрүнүшү
Белгилей кетсек, “Кыргызгидрометтин” Атмосфералык абанын булгануусуна байкоо жүргүзүү бөлүмү Бишкек шаарындагы абанын сапатын 1970-жылдардан бери көзөмөлдөп келет.

Маалыматка караганда, өткөн жылдын декабрь айында азот кош кычкылынын бир жолку кармалышы 1 метр  кубуна 408 микрограмм (чектүү деңгээли – 85 микрограмм) болсо, катуу бөлүкчөлөр 600 микрограммга (чектүү деңгээли – 160 микрограмм) жетип жаткан.

“10-апрель күнкү текшерүүлөргө караганда, бул заттар суткалык орточо нормативдерден ашкан эмес. Ошондой эле апрель айында абаны кирдетүүчү башка заттардын азайышы да байкалган. Бул шаардагы транспорттун кескин азайышына байланыштуу болушу мүмкүн”, — деп айтылат билдирүүдө.

2019-2020-жылдардагы жылытуу сезонунда Бишкек шаарында абанын булгануусунун өтө жогорку деңгээли байкалганы айтылды.

Архивдик маалыматтарга ылайык, 1996-1999-жылдары абанын курамындагы айрым заттар нормасынан 25-35, айрым учурда 48 эсеге жогору экени катталган. Буга абаны кирдетүүчү булактардын көптүгү жана күйүүчү-майлоочу майлардын сапатынын төмөндүгү себеп болгон.