Эки район тынч. Калган аймакта 95 адам коменданттык сааттын эрежесин бузду

Коменданттык сааттын эрежеси боюнча Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда кечки 8.00дөн эртең мененки саат 7.00гө чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Түндө Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык саат режимин 95 адам бузуп, 8 автоунаа айып короого токтотулган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Коменданттык сааттын эрежеси боюнча Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда кечки 8.00дөн эртең мененки саат 7.00гө чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.

11-апрель күнү кечинде жана 12-апрелге караган түнү коменданттык сааттын талаптарын бузгандар төмөнкү жерлерде катталды:

  • Бишкек шаарында — 66;
  • Ош шаарында — 5;
  • Жалал-Абад шаарында — 8;
  • Сузак районунда — 16;

Ал эми Кара-Суу менен Ноокат районунда тартип бузгандар катталган жок.

Каратаев: коронавирус жуктурган 38 учур обсервацияда жаткандардан чыкты
Жалпысынан Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилгенден, тагыраагы, 25-марттан тарта коменданттык саат эрежесин бузган 2384 адам кармалган.

Эске салсак, 12-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 38 жаңы учур катталды. Аны менен өлкөдө бейтаптардын саны 377ге жетти. Инфекцияны жуктурган медиктердин жалпы саны 51 болду.

Кыргызстанда ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот