Асрандиев: бизнестин айрым түрлөрүн жандандырганы жатабыз

Вице-премьер Асрандиевдин пикиринде, ишин баштачу ишканаларга эң биринчи талап —  алар вирустун жайылып кетишине себеп болбошу керек.
Sputnik

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Өкмөт бизнестин кайсы бир түрлөрүн кайра ишке киргизүүгө кам көрүүдө. Бул тууралуу вице-премьер Эркин Асрандиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, азырынча кайсы тармактардын жана кайсы учурдан баштап жанданарын айтууга эрте.

Негизги максат — элди жумуш менен камсыз кылуу.

“Биз азыр өлкө аймагында буга чейин иштеп келген бизнестердин бардык түрлөрүн талдап жатабыз. Албетте, башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын дагы эске алышыбыз керек”, — деди Асрандиев.

Жумушсуз калгандарга көңүл бургула. Жээнбеков Асрандиевге эскертти
Вице-премьердин пикиринде, ишканалар иштеп баштаганда биринчи талап — алар вирустун жайылып кетишине себеп болбошу керек.

“Өз ишин баштачу ишканаларга жаңы талаптар, эрежелер коюлат. Санитардык нормалар тыкыр сакталышы керек. Ошондой эле кардар менен байланыш аз боло тургандарына артыкчылык берилет”, — деди ал.

Коронавирус Кыргызстанда

Бүгүн, 12-апрелде, өлкөдө COVID-19дун 38 жаңы учуру катталды. Аны менен бейтаптардын саны 377ге жетти. Инфекцияны жуктурган медиктердин жалпы саны 63 болду.

Кыргызстанда ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот