Кыргызстанда дагы 12 медикке коронавирус жукту

Инфекцияны жуктурган медиктердин ичинен бирөө Бишкекте, бешөө Нарын облусунда, алтоо Ош шаарында иштеп жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Өткөн суткада COVID-19 вирусу тастыкталган 38 адамдын ичинен 12си медицина кызматкери. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, ушуну менен өлкөдө коронавируска кабылган медиктердин саны 63кө жетти.

Инфекцияны жуктурган медиктердин ичинен бирөө Бишкекте, бешөө Нарын облусунда, алтоо Ош шаарында иштеп жаткан.

Коронавирустун кесепети

Соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 377ге жетти. Анын арасынан 54 адам айыгып чыкса, бешөө каза болуп калды.

Коронавирус жуктурган 11 адамдын абалы оор, реанимацияда жаткандар да бар
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.