Каратаев: коронавирус жуктурган 38 учур обсервацияда жаткандардан чыкты

Учурда жуктуруп алгандардын саны 377ге жетти. Алардын ичинен буга чейин беш киши көз жумган. 54 киши сакайып, ооруканадан чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Азыр коронавирус чыгып жаткандардын бардыгы обсервацияда жаткандар. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

"Анализи коронавирус жуктурганын көрсөтүп жаткандар азыр обсервациядагылар. Андыктан жарандарга кам санабагыла деп айтышыбыз керек. Бирок карантиндик коопсуздуктарды дагы деле сакташыбыз керек", — деди Каратаев.

Анын айтымында, бүгүн обсервацияда 1025 киши кармалууда.

Эске салсак, жуктуруп алгандардын саны 377ге жетти. Алардын ичинен беш киши көз жумган. 54 киши сакайып, ооруканадан чыкты.