Коронавирустан дагы 10 адам айыгып чыкты

Соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандар адамдардын жалпы саны 377ге жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска кабылган дагы 10 адам айыгып чыкты. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, оорукандан чыгарылгандардын бешөө Ош облусунда, калганы Жалал-Абад облусунда.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуктургандардын ичинен сакайып чыккандардын саны 54кө жетти.

Соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 377ге жетти.

Каратаев: коронавирус жуктурган 38 учур обсервацияда жаткандардан чыкты
Эскерте кетсек, коронавирустан улам өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, 25-марттан бери Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, ошондой эле Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал режими иштеп жатат. Бул тартип 15-апрелге чейин уланары белгиленген, бирок премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тесттердин бардыгынын анализи чыгып, алардын контакттары боюнча акыркы киши такталмайынча карантинди токтотууга болбостугун айткан.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.