Бишкек шаардык сотунун судьясы кызматынан бошотулду

Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Судьянын кызматтан бошотулушуна жаш курагы себеп болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкек шаардык сотунун судьясы Жумагүл Албанова кызматтан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Маалыматка карганда, Албанованын иштен алынышына анын жашы пенсия курагына жеткендиги себеп болгон.