Автобуста кысылган медиктер. Бишкек мэриясы түшүндүрмө берди

Буга чейин социалдык тармактарда медиктер жумушка автобуска тыгылып бара жатат делген сүрөттөр жарыяланган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкектеги медиктерди жумушка чакан автобустар ташып жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда медиктер  жумушка автобуска тыгылып бара жатат делген сүрөттөр жарыяланган.

 

Мэриянын билдирүүсүндө, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” комендатуранын буйругу менен укук коргоо органдарынын, мэриянын жана акимчиликтердин гана кызматкерлерин ташып жатат.

“Медиктерди ташуу үчүн 17 маршрут түзүлүп, бул жаатта чакан автобустар жана жети автомашина иштөөдө. Бардык чыгымдар шаардык бюджеттен каралган. Ал эми сүрөттөгү автобустун “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасына”  тиешеси жок”, — деп айтылат билдирүүдө.

Саламаттык сактоо министри Абдикаримов эмнеге анализ тапшырды. Чоо-жайы
Мындан улам мэрия бир дагы республикалык медициналык мекеме менен транспорт кызматын көрсөтүү боюнча келишим түзүлбөгөнүн, бирок муниципалитет зарыл болсо транспорт бөлүп берүүгө даяр экенин билдирди.

Медиктер автобуста кысылып бара жаткан постту социалдык тармактарга жүктөгөндөрдүн бири, саламаттык сактоо тармагындагы эксперт, журналист Елена Баялиновага кайрылганыбызда, ал сүрөттү өлкөнүн түштүгүндө эмгектенген дарыгерлер WhatsApp-тайпаларга салганын билдирди.