Америка тарыхында биринчи ирет бүт штатка кырсык боюнча катаал режим киргизилди

Бүгүнкү күндө АКШда коронавирус жуктургандардын саны 530 миңге чукулдады. Ал эми каза болгондор 20 миңден ашат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Тарыхта биринчи жолу Американын бардык штатына ири кырсык режими киргизилди. Бул туурасында Ак үйдүн өкүлү Жадд Дир билдирди.

​“Вайомингде Дональд Трамп ири кырсык режими тууралуу жарыялагандан кийин бул бир убакытта 50 штаттын баарына тең киргизилген режим катары тарыхта алгачкы учур болуп калды”, — деп жазган Дир.

Соңку маалыматтар боюнча, АКШда коронавирус жуктургандардын саны 530 миңге чукулдады. Ал эми каза болгондор 20 миңден ашуун, 32 миңден көбүрөөк адам айыкты.

Дүйнө жүзү боюнча өпкөнү сезгентүүчү ооруга чалдыккандардын саны 1,7 миллиондан ашты.