Саламаттык сактоо министри Абдикаримов эмнеге анализ тапшырды. Чоо-жайы

Белгилей кетсек, Абдикаримов министр кызматына дайындалганга чейин вирус биринчилерден болуп аныкталган Жалал-Абад облусу боюнча координатор болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов оору чыккан аймакта иштегенине карабай, 14 күндүк карантинде болгон эмес. Бул тууралуу анын орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Белгилей кетсек, ал министр кызматына дайындалганга чейин вирус биринчилерден болуп аныкталган Жалал-Абад облусу боюнча координатор болгон.

"Министр Сабиржан Абдикаримов COVID-19 вирусуна эки жолу анализ берип, экөө тең таза чыкты. Ал министр кызматына дайындалганга чейин Жалал-Абадда иштеген. Кырдаалга жараша анын 14 күн карантинде кармалганга мүмкүнчүлүгү болгон жок. Жакында биз дагы анализ бердик, вирус аныкталган жок”, — деди Каратаев.

Кыргызстанда дагы 12 медикке коронавирус жукту
Соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 377ге жетти. Анын арасынан 54 адам айыгып чыкса, бешөө каза болуп калды.

Ал эми COVID-19 жуккан медиктердин саны 63кө чыкты.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.