Радио

Адамбеков: адамдын ичинде 2-2,5 килограмм пайдалуу микроб болот

Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын микробиология, вирусология жана иммунология кафедрасынын башчысы Доктурбек Адамбеков иммунитетти көтөрүү үчүн түрдүү дарыларды ичүүнүн зарылдыгы жок экенин айтты.
Sputnik
Адамбеков: адамдын ичинде 2-2,5 килограмм пайдалуу микроб болот

Иммунитет адамды ар кандай вирустардан, түрдүү оорулардан коргойт. Жаз мезгилинде авитаминозго көп тушугабыз. Бул учурда дайыма эле айтып келгендей тамактанууга жакшы көңүл бөлүү керек. Бул тууралуу Доктурбек Адамбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, колбаса, фастфуд жана таңгакталган ширелерде эч кандай пайдалуу зат жок. Көпкө сакталышы үчүн түрдүү химикаттар кошулгандыктан аларда витамин жокко эсе. Анын ордуна жаңы сыгылган анар, алма, алмурут жана башка жемиштердин ширесин ичкен оң.

"Жазында эт, сүт азыктарын көбүрөөк жеген туура. Азыркы мезгилде жашылча-жемиштер чыга баштады. Шалгам, көк пияз, сарымсактарды тамакка аралаштырган оң. Андан тышкары, ит мурун кайнатмасын, кызыл жана кара карагат, малинаны чайга аралаштырып ичүү керек. Алсак, ит мурун С витаминине өтө бай. Помидор, бадыраң, сабиз, түрптөн салат жасап, өсүмдүк майын аралаштырып жеш керек. Булар иммунитетти жакшы көтөрөт. Негизи иммунитеттин төмөн же өтө эле жогору болгону да жаман. Иммунитетти көтөрөбүз деп жарнамада көрсөтүлгөн дарыларды ичүүнүн кажети жок. Мындай дарылар олуттуу илдеттер менен ооруп калганда гана берилет. Организм үчүн жүлүн, тимустун (ачакей без, көк боор, лимфа бездери ж. б.) ролу чоң. Андан тышкары, ичеги-карында 2-2,5 жарым килограмм микроб бар. Бул бактериялар биздин тамак-ашыбыздын эсебинен жашайт да, түрдүү вирустар менен күрөшүүгө жардам берет. Азыр күн жылып калды. Кырдаалга жараша сейилдей албайбыз. Андыктан терезелерди ачып койгон туура", — деди Адамбеков.

Ал адамдын иммунитети 40 жашка чейин өз нормасында болорун кошумчалады.