Комендатура санитайзер колдонуу боюнча челлендж баштады. Видео

Укук коргоо органдарынын тарткан челленджинин негизги максаты — пандемия убагында гигиенаны сактоого чакыруу.
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкектин комендатурасынын гигиена эрежелерин сактоонун маанилүүлүгү тууралуу видеосу интернетке жарыяланды.

Кадрда медициналык бет кап кийген милиционерлер колун антисептик менен тазалап, аны камерадан нары ыргытат. Санитайзерди кийинки укук коргоо кызматкери тосуп алып, кесиптешин кайталайт.