Мигранттар 31 млн. долларга аз акча которду. Эки айдын жыйынтыгы

Жакында эле вице-премьер Эркин Асрандиев бул жылы эмгек мигранттарынын акча которуусу болжол менен 15 пайызга кыскарарын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Январь-февраль айларына карата мигранттардын өлкөгө акча которуусу былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 31 миллион долларга кыскарганын Улуттук банк кабарлады.

Бишкектин жаңы конуштарында банктардын көчмө кассалары иштей баштады. Тизме
Бул жерде сөз жеке тараптардын атайын система аркылуу акча которуусу тууралуу болууда.

Ушул жылдын алгачкы эки айында мигранттардан 313,6 миллион доллар түшкөн. Ал эми 2019-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстанга которулган акча 344 миллион 540 миң сомду түзгөн болчу.

Жакында эле вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бул жылы эмгек мигранттарынын акча которуусу болжол менен 15 пайызга кыскарарын айткан.